Жаңылыктар
Түркияда текшерүүлөр уланууда
Дүйнө
Түркияда текшерүүлөр уланууда

Түркиянын түштүк аймактарында массалык текшерүүлөр уланууда. Тактап айтканда, Инжирлик аба базасында текшерүү жүрүп, анын жүрүшүндө аскер кызматындагылар менен аткаминерлерди кармоо иши уланууда. 27 генерал жана адмиралдардын соту жакынкы күндөрү Анкара шаарында болот. 

Ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Европага качууга аракет кылган Түркиянын Кувейт аскердик атташеси Микаил Гүллү кармалганы тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыккан. 

Механикалык жана химиялык өнөр жайынын башкы директорлук кызматына пландалган Гүллү, Кувейттен Европага кетүүгө аракет кылып жатканда Сауд Арабиянын коопсуздук күчтөрү тарабынан камакка алынды. Гүллүнүн Түркияга кайтарылып берилиши үчүн иш-чаралар башталды.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118