Ички иштер министрлиги 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча жыйынтык чыгарды. Анда негизги критерийлер катары- министрликтеги реформа, ИИМдин тутумун оптимизациялоо, кылмыштуулуктун саны жана патрулдук милициянын ишмердиги каралган. Ички иштер министрлигинин башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев, мекеме өлкөнүн 2017-жылга чейинки улуттук стратегиясынын негизинде белгиленген реформаларды убагында жасап жатканын билдирди.
Кылмыштуулуктун саны боюнча- өткөн жарым жылдыкта анын саны 5,3 пайызга азайган. Бул милиция кызматкерлеринин эл арасында жүргүзүп жаткан профилактикалык иштеринин көбөйгөндүгүнө байланыштуу.
Мындан сырткары өлкө боюнча жол кырсыктарынын саны азайган. Бирок, акыркы кездерде жаш балдар катышкан жол кырсыктары көбөйүүдө. 2016-жылдын жарым жылында балдардын катышуусу менен 725 жол кырсыгы катталса, анын кесепетинен 67 бала каза таап, 700гө жакыны ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118