Жаңылыктар
Ат-Башыда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү
Спорт
Ат-Башыда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү

Нарындын Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Айыл жаштарын ынтымакка жана сергек жашоого үндөө максатында уюшулуп жаткан таймашка 12 команда катышып, күч сынашышты. Алар жаш курактары боюнча бөлүнгөн. 

Элет жергесинде уюшулган таймаш мыкты деңгээлде өтүп, бүйүрдү кызыткан оюндар менен коштолду. Байге фонду 60 миң сомду түзүп, аны айылдан чыккан эр-азаматтар каржылаган.