Жаңылыктар
Ереван: Полициянын имаратын басып алгандар менен сүйлөшүүлөр уланууда
Дүйнө
Ереван: Полициянын имаратын басып алгандар  менен сүйлөшүүлөр уланууда

Армениянын борбору Еревандагы полициянын имаратын басып алган куралчан адамдар менен сүйлөшүүлөр дагы деле уланууда. Эскерте кетсек, оппозициялык “Негиздөөчү парламент” кыймылынын куралданган активисттери өткөн жекшемби күнү полициянын имаратын басып алып, барымтага алынган үч адамды 18-июлда бошоткон болчу.

Бирок куралчан адамдар дагы үч адамды барымтага алууда. Алардын ичинде Ереван полициясынын жетекчилеринин орун басарлары да бар. Полициянын имаратын басып алгандар “Негиздөөчү парламент” кыймылынын лидери Жирайр Сефилянды бошотууну жана Армениянын Президенти Серж Саргсяндын отставкага кетүүсүн талап кылууда. 

Еревандын Еребуни районунда жайгашкан полиция имаратын 25-30 адам басып алган учурда бир полиция кызматкери каза болуп, дагы төрт адам жаракат алган. Барымтага алынган адамдардын саны болжолдуу маалыматтар боюнча алтоо болсо, анын үчөө узак сүйлөшүүлөрдөн кийин кое берилген. Учурда дагы үч адам куралчандардын туткунунда.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118