Жаңылыктар
Мигранттарга жеңилдик
Кыргызстан жаңылыктары
Мигранттарга жеңилдик

Орусия менен Кыргыз жарандарынын эки өлкөдө жүрүү мөөнөттөрү узартылды. Бул туурасында, Мамлекеттик каттоо кызматынан билдирди. Жетишилген макулдашууга ылайык, мындан ары, кыргызстандыктар Орусиянын аймагында эч кандай каттоосу жок 30 күн жүрө алат. 

Буга чейин Орусия аймагында каттоосу жок жүргөнгө уруксат берилген мөөнөт 7 гана күн болчу. Ал эми Орусия атуулдары буга чейин Кыргызстанда 30 күнгө чейин каттоосу жок жүргөнгө укуктуу болсо, эми бул мөөнөт алар үчүн 90 күнгө чейин узартылды. Каттоо кызматы белгилегендей, Кыргызстандын аймагында каттоого турбай жүргөн мигранттар 10 миң сомго чейинки айыпка тартылат.