Жаңылыктар
ДСУнун божомолунда коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн
Дүйнө
ДСУнун божомолунда коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн

Англиянын коомдук саламаттык сактоо департаментинин иммунизациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Мэри Рамзи адамдар бир нече жылга чейин бет капты түшүрбөй тагынып, аралыкты сактоого туура келерин божомолдойт. 

Анын айтымында, жер жүзүндөгү адамдар эмдөө жогорку жана жетиштүү деңгээлде жүргүзүлүп, ооругандардын саны азайгандан кийин гана бет каптан баш тарта алат. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн экенин божомолдоп айткан.