Жаңылыктар
2021-жылы өлкөнүн финансы институттарынын иши санариптик банк кызматтарын кеңейтүүгө багытталат
Кыргызстан жаңылыктары
2021-жылы өлкөнүн финансы институттарынын иши санариптик банк кызматтарын кеңейтүүгө багытталат

Президент Садыр Жапаров «Айыл Банктын» «РСК Банктын» жана «Кепилдик Фонд» ишканасынын башкармалыктарынын төрагаларын кабыл алды. Мамлекет башчысына 2020-жылда долбоорлорду каржылоого жана жеңилдетилген насыяларга бөлүнгөн каражаттардын көлөмү жана финансы институттарынын 2021-жылга карата артыкчылыктуу пландары жөнүндө маалымат берилди. 

Президент өткөн жылы өлкөдөгү социалдык-экономикалык оор кырдаалга карабастан, бүтүндөй банк системасында салыштырмалуу туруктуулук көрүлгөнүн белгиледи. Ал 2020-жылы «Айыл Банк» артыкчылыктуу багыттардын бири болгон жана экономиканын реалдуу секторуна чоң салым кошуп жаткан өнөр жай тармагына азыраак насыя бөлгөнүнө көңүл бурду. Президент бул багытты өнүктүрүү жана насыялоонун көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын кошумчалады. 

Былтыр «РСК Банк» насыяларынын дээрлик жарымын Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы долбоорлорго бөлгөнүнө токтолуп, кредиттик ресурстарды бардык аймактарда тең салмактуу бөлүштүрүүнүн маанисин белгиледи. Ал эми «Кепилдик фондунун» ишмердүүлүгүнө байланыштуу Мамлекет башчысы 2020-жылы региондорго аталган фонд тарабынан берилген кепилдиктердин үлүшү 2019-жылга салыштырмалуу азайганы байкалганын айтты. Мамлекет башчысы Экономика жана финансы министрлигине «РСК Банкты» кошумча капиталдаштырууга багытталган чараларды көрүүнү тапшырды.