Жаңылыктар
Президент Каржы министрин кабыл алды
Экономика
Президент Каржы министрин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн каржы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды. Жолугушууда үстүбүздөгү жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу сөз болду. 

Адылбек Касымалиев өлкө казынасынын киреше бөлүгүн бекемдөө, мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын, натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, мамлекеттик казынадагы чыгымдар жумшалып жаткан негизги багыттарга токтолду. 

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик милдеттенмелерге чыгымдалуучу каражаттарды өз учурунда жана тиешелүү деңгээлинде камсыздоо, жарандарга карата социалдык милдеттенмелерди туруктуу каржылоо зарылдыгын белгиледи.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118