Референдумга “макул” жана “каршы” добуш берүүгө үгүт топтору КТРК менен “ЭлТР” каналдарынан акысыз эфир пайдаланууга чүчү кулак таштап, кезегин аныктады.
Эми 12 топ макул, 3 топ каршы үгүттөйт. Коомдук биринчи каналдын эфиринен үгүт топторунун кайрылуулары алдын ала жазуу ыкмасы менен 25-марттан 9-апрелге чейин чыгат.
Эске салсак, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге референдум өтөт.