Жаңылыктар
Гүлжигит Алыкулов экинчи ирет апта ичиндеги Азиянын мыкты оюнчусу аталды
Спорт
Гүлжигит Алыкулов экинчи ирет апта ичиндеги Азиянын мыкты оюнчусу аталды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жана алматылык “Кайрат”клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов апта ичиндеги Азиянын мыкты оюнчусу аталды.

Жогорку Лиганын командалары арасындагы Казакстандын чемпионатынын жаңы сезонунун биринчи турунун беттешинде "Кайрат" "Жетысу" менен оюн өткөрүп, 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Алыкулов голдук пас жана 1 голдун автору болду.

Азия футбол конфедерациясынын сайтында өткөн добуш берүүдө Алыкулов 51,21% менен алдыга чыкты. Экинчи орунга 35,98%  менен “Зенит” клубунун оюнчусу Сердар Азмун жайгашты.

Белгилей кетсек, кыргыз футболчусу өткөн аптада дагы Казакстан Суперкубогунда гол киргизип, Азия чөлкөмүндөгү  апта оюнчусу аталган.