Жогорку окуу жайлардын экономикалык багыттагы бүтүрүүчүлөрү үчүн Каржы министрлигинде “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү.
Иш-чарага каржы тармагын мыкты билген кесипкөй адистер чакырылып, алар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Каржы тармагынын чеберлери жаштардын кызыккан суроолоруна жооп берүү менен катар каржы тармагын өздөштүрүү, казына тутумун өркүндөтүү сыяктуу эң керектүү жана пайдалуу маалыматтарды беришти.