Жаңылыктар
Индиядагы спорттук иш-чарада көрүүчүлөр отурган трибуна сынып, адамдар жаракат алышты
Дүйнө
Индиядагы спорттук иш-чарада көрүүчүлөр отурган трибуна сынып, адамдар жаракат алышты

Индиянын Сурьяпет шаарында кабадди боюнча улуттук чемпионаттын ачылышында көрүүчүлөр отурган трибуна сынып, 100гө чукул адам ар кандай жаракаттарды алышты. 

Маалыматтарга караганда трибуна мынча адамга ылайыкталган эмес. Нормага ылайык, ага анчалык көп кишинин отуруусу мүмкүн эмес болгон жана 1 жарым миң адамды трибуна көтөрө албай калган. Бактыга жараша каза болгондор катталган жок.