Жаңылыктар
Өмүрүн хоккей менен өткөрөм деген капитан. Россияда 19 жаштагы хоккейчи башына шайба тийип каза болду
Спорт
Өмүрүн хоккей менен өткөрөм деген капитан. Россияда 19 жаштагы хоккейчи башына шайба тийип каза болду

12-мартта "Динамо" жаштар хоккей клубунун капитаны Тимур Файзутдинов Ярославль шаарында "Локо" менен болгон беттеште оор жаракат алган. Спортчунун башына шайба тийип, музга кулап эсин жоготкон. 19 жаштагы Тимур шашылыш түрдө реанимацияга жаткырылып, ооркунада 3 күндөн кийин өзүнө келбей көз жумду.

"Мен хоккейден ажырай албай койдум"

Тимурдун атасы Рамиль Файзутдинов "Татар-информ" маалымат агенттигине уулунун мүнөзү, пландары жана кыялдары жөнүндө айтып берди.

«Биздин ата-тегибиз Татарстандан болот. Тимур Челябинскте туулуп-өскөн. Ал эне тилинде сүйлөй алчу эмес, бирок татардын каада-салтын бала кезинен эле билген.

Мен өзүм Кукмордон болом. Тимур Кукморго каникул учурунда мектеп окуучусу болуп келип, эжелеримдин жанында эс алып жүрдү. Чоң апабыз Набережные Челны шаарында жашайт.

Тимур гимнастика, сууда сүзүү менен алектенчү. Ал коньки тебүүнү 3 жаш 8 айында эле баштаган. Жети жашында хоккей мектебине кошулган. Эң биринчи "Трактор" хоккей клубунун аренасына баргандан кийин хоккейге кызыга баштаган. Ал бизге коньки, туулга, сатып берүүнү өтүнүп, биз сатып бергенбиз. Ошондон кийин машыгууга бара баштады. Эл аралык класстагы спорт чебери Александр Шварев анын биринчи машыктыруучусу болгон.

Мен бокс боюнча СССРдин спорт чеберимин, жубайым болсо дарыгер.

Тимурдун эң чоң кыялы- хоккей ойноо болчу. Ал өзүнө ушундай максат коюп, аны көздөй бара жаткан. Убакыт өткөн сайын максатына жетип баштаган. Челябинскке келгенде да, машыгууну таштачу эмес. Физикалык жактан күчтүү, ден-соолугу чың болчу.

 Эч кимдин көңүлүн оорутпаган, жөнөкөй бала болчу. Балам 6 жашында Кытайга барып калдык. Жүрүп эле, бир карасам четке туруп ыйлап жатыптыр. “Эмне болду?”-деп сурасам, - “Ташбаканы өлтүрүп салды”-деп жооп берди. Сооротконго аракет кылсак да, басылган жок.

Шахмат ойногонду жакшы көрчү. Досторун сатпаган, бирөөнүн жашоосуна кийлигишпеген, колунан келген жардамын берген жигит болчу. Командада аны капитан кылып шайлашкан эле...“Динамо” клубу бардык чыгымдарды өз мойнуна алды. Тимур үчүн бүт Россия кабатыр болду. Америкадан дагы жазышты. Азыр биздин үй бүлө үчүн эң оор учур болуп жатат”, - деди Рамиль Файзутдинов.Тимур Файзутдинов 19 жашта болчу. Санкт-Петербургдун “Динамо” клубу үчүн 200 беттеш өткөргөн. Оюнчу ушул сезондо Жаштар Хоккей Лигасынын (MHL) кезектеги сезонунун 52 оюнуна  катышып, жети натыйжалуу пас берген.Тимурдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Челябинск шаарына коюлду. Учурда Жаштар Хоккей Лигасынын оюндары бир мүнөттүк эскерүү менен башталып жатат.

Эмил Жолдошев