Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-март күнү саат 20:37де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызмсаты билдирди.
Жер титирөө Лейлек районунун Достук айылында - 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.