Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 24-март күнү саат 17:00 чамасында Кара-Март айылынын Бай-Маала тилкесинде Кара-Март дарыясына салынган ички чарбалык унаалар өтүүчү көпүрөсүнүн жээктерин суу жууп кетип, авариялык абалга келтирген.
Тазалоо иштерине райондук ЖК комиссиясы тартылды. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүп, аталган көпүрөдөн өтүүгө тыюу салып, атайын эскертүүчү белгилери орнотулган. Ал эми, Кара-Март айылынын тургундары айланма жолдор аркылуу өтүүдө.