Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 106 адамдан коронавирус аныкталып, 2 бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 106 адамдан коронавирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 2 бейтап каза болду. Алар Бишкек шаарында катталды. Кыргызстанда COVID-19 диагнозу аныкталган жалпы 1494 адам көз жумган.

Бүгүн, 25-мартка караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 106 адамдан коронавирус менен пневмония аныкталды.

Бишкек шаарында 61 адам, Чүйдө 40, Баткенде 2, Ош шаары менен Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында 1ден жаңы учур тастыкталды. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 87 758 адамга коронавирус жуккан. Акыркы суткада 68 бейтап коронавирустан айыккан. Өлкө боюнча вирусту жеңгендердин жалпы саны 84 407 адамды түздү.