Жаңылыктар
Бишкекте мектеп китепканачыларынын алгачкы форуму өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мектеп китепканачыларынын алгачкы форуму өтүүдө

Борбор калаада мектеп китепканачыларынын алгачкы форуму өтүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган форумдун негизги максаты - китепканачылардын методикалык чеберчилигин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана кесиптик баарлашуу аянтчасын түзүү. 

Форумдун жыйынтыгы менен китепканачынын ролу, анын макамын көтөрүү багытындагы маселелер камтылган резолюция кабыл алынат. Анын жыл ичинде ишке ашырылуучу пландардын тапшырмасы коюлат. Иш-чарага бардык аймактардан келген 200дөн ашуун китепканалардын өкүлдөрү, райондук-шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери катышууда.

“Китепканаларды техника менен камсыздоонун үстүнөн иштеп алып баруудабыз. Форумда резолюция кабыл алынат. Анын негизинде план түзүлүп, бир жылдан кийин дагы форум уюштурабыз. Ошондо кандай жетишкендиктерге жеткенибиз каралат",- деди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.