Бишкекте байыркы кыргыз жазуулары түшүрүлгөн эстеликтин ачылыш аземи болду. Бабалардан калган байыркы жазуулар түшүрүлгөн таш Ачекей айылына тургузулду.
Иш-чарага тарыхчы-окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана маданият кызматкерлери катышты. Бул демилгени коомдук ишмер Садык Шер-Нияз көтөрүп, эстеликти таланттуу айкелчи Тамила Маматова жасаган. Айкелчи бул эмгекти жаратууга беш ай убакыт сартптаган.
Айтымында, эстеликтеги байыркы кыргыз тамгалары тарыхчылардын жардамы менен түшүрүлдү.Ташта кыргыздын бир атуулунун төрөлгөндөн баштап, көз жумганга чейинки тарыхы жазылган.