Жаңылыктар
Ишкерлер корголсо, экономика өнүгөт. Өз учурунда кабыл алынган мамлекет башчысынын жарлыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлер корголсо, экономика өнүгөт. Өз учурунда кабыл алынган мамлекет башчысынын жарлыктары

Инвесторлор менен бизнести коргоо боюнча мамлекет башчысынын жарлыктары өтө зарыл жана өз учурунда кабыл алынды. 

Мындай пикирин "Экономиканы өнүктүрүүгө дем берүү, соода, өнөр жай, айыл чарба жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу" деп аталган иш чарада президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Аскат Беков билдирди.

Бизнес чөйрөсүндөгүлөрдөн президенттик аппаратка ашыкча текшерүүлөргө байланышкан кайрылуулар көп келүүдө. Даттануулар өкмөт тарабынан каралууда. Ошол эле учурда Башкы прокуратуранын алдында бизнести негизсиз текшерүү боюнча атайын адистештирилген бөлүм түзүлүп, ишкерлерди колдоо боюнча иш алып барууда.