Жаңылыктар
Кыргызстан 5 миң тонна кум шекер менен 3 миң тонна өсүмдүк майын сатып алат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан 5 миң тонна кум шекер менен 3 миң тонна өсүмдүк майын сатып алат

Апрель айында Кыргызстан 5 миң тонна кум шекер менен 3 миң тонна өсүмдүк майын сатып алат. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул ички базарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана негизги азык-түлүк товарларына бааларды турукташтыруу максатында премьер-министрдин тапшырмасы боюнча ишке ашырылууда. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 506 миң 294 тонна күн карама майы жана 3 миң 46 тонна кум шекер жеткирүүгө келишимдер түзүлдү.