Жаңылыктар
Бишкек боюнча санитардык көзөмөлдү күчөтүү керек, - вице-мэр Айжан Чыныбаева
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек боюнча санитардык көзөмөлдү күчөтүү керек, - вице-мэр Айжан Чыныбаева

Бишкек боюнча санитардык көзөмөлдү күчөтүү керек. Бул тууралуу шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева райондордун акимдери менен санитардык көзөмөлдү күчөтүү маселесине байланыштуу жолугушууда билдирди. 

Айтымында, коомдук жайларда санитардык рейддердин санын көбөйтүп, уюмдардын, кафе, ресторандардын жана соода түйүндөрүнүн жетекчиликтерине санитардык-эпидемиологиялык нормалардын милдеттүү түрдө сакталышын эскертүү керек.