Жаңылыктар
Жөө күлүктөр Ташкент шаарында өтө турган эл аралык марафонго катышат
Спорт
Жөө күлүктөр Ташкент шаарында өтө турган эл аралык марафонго катышат

Жеңил атлетика боюнча кыргызстандык спортчулар эл аралык марафонго катышат. Мелдеш 28-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында өтмөкчү. 

Ага машыктыруучу Татьяна Борисованын жетекчилиги алдында Кыргызстандын атынан 6 жөө күлүк катышат. Спортчулар 29-мартка чейин Ташкентке Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш-сапарга жөнөтүлөт.