Президент Садыр Жапаров бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугушту. Анда уюмдун ишмердүүлүгү жана өлкө калкынын саламаттыгын чыңдоого багытталган жигердүү кызматташууну мындан ары улантуу боюнча пикир алмашуу орун алды. Ханс Клюге бүгүнкү пандемия шартында калктын саламаттыгын сактоо жана коронавирус инфекциясына каршы эмдөө артыкчылыктуу багыт болушу керек экендигин айтты.