Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталды. Делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегацияларды Кыргызстан тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми өзбек делегациясын премьер-министр Абдулла Арипов жетектөөдө.