Ак-Суу районунун дыйкандары картошканын түшүмүн жогорулатуу үчүн үрөндүн сапатын жакшыртууну көздөөдө. Былтыр райондо 182 миң тонна картошка жыйналган. Азыркы тапта дыйкандар өндүргөн продукциясын 25 сомдон 40 сомго чейин сатып жатышат. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу абдан жакшы баа.