“Алтын түйүн” республикалык инженердик-техникалык балдар академиясынын түзүлгөндүгүнө быйыл алтымыш жыл толду.
Юбилейге карата академиянын жамааты, бүтүрүүчүлөрү имараттын айланасына көчөттөрдүн алтымыш түрүн отургузду. Ишембилик акциясына академияда сабак берген мугалимдер жамааты, мурда билим алып кеткен бүтүрүүчүлөр катышты. Академияда инженердик-техникалык багыта түрдүү ийримдер өткөрүлүп, балдар өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн иш жүзүнө ашыра алышат.
Азыркы тапта академиянын бүтүрүүчүлөрү өлкө ичинде жана көптөгөн чет мамлекеттерде ийгиликтүү адис катары эмгектенишет. Апрель айында алтымыш жылдык юбилейге карата дагы бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.