Жаңылыктар
Бразилияда коронавирус күч алып, саламаттыкты сактоо тармагы оор кырдаалга кептелди
Дүйнө
Бразилияда коронавирус күч алып, саламаттыкты сактоо тармагы оор кырдаалга кептелди

Бразилияда коронавирус күч алып, ооруканалар бейтаптарга батпай калды. Бир суткада 3 миңден ашык адам оорудан каза болуп, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагы оор кырдаалга кептелди. Адистер өлкөдө эмдөө иш чаралары ойдогудай жүрбөй жатканын айтууда.

Бразилия коронавирустун жайылышы боюнча АКШдан кийинки экинчи орунга чыкты. Өлкөдө бир суткада 3 миңден ашык бейтап каза болуп, 83 миң адамдан вирустун аныкталды. Ооругандар көбөйгөндүктөн өлкөнүн 26 штатынын 24үндө ооруканалар бейтаптарга батпай калды. Дарыгерлер саламаттыкты сактоо системасы оор абалга кептелгенин айтууда.

Рио-де-Жанейро шаарындагы эмдөө борборлорунун биринде кезекке тургандар көбөйдү. Тургундар эмдөөдөн убагында өтүүнү каалашат. Бийлик өлкөгө дагы 500 млн доза вакцина алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок адистер Бразилияда эмдөө кеч жүрүп жатканын белгилешет. 

Бул эмдөө борборунан алыс эмес жерде тез жардам унаалары ооруканаларга бейтаптарды биринин артынан бирин жеткирип жаткан учурларды көрүүгө болот. Ооруканаларда орундуктардын тартыштыгы, бейтаптарга дем алдыруучу каражаттардын жетишсиздигинен улам Бразилияда башка мамлекеттерге караганда адам курмандыктары алда канча көп болууда. Түштүк Американын бул өлкөсүндө пандемиядан бери 12 миллиондон ашык адам илдетти жуктуруп, алардын ичинен 300 миң адам каза болду.