Жаңылыктар
Евробиримдик AstraZeneca компаниясынын дары-дармектерин экспорттоого тыюу салуу боюнча жыйын өткөрөт
Дүйнө
Евробиримдик AstraZeneca компаниясынын дары-дармектерин экспорттоого тыюу салуу боюнча жыйын өткөрөт

Евробиримдик AstraZeneca компаниясына таандык дары-дармектерди сыртка чыгарууга тыюуу салуу чечимин кароо үчүн кезектеги жыйынын өткөрөт. Себеби дары-дармектер учурда коронавирус күч алып жаткан Европа мамлекеттерине абдан зарыл болуп турат.

Еврокомиссия биримдикке кирген өлкөлөрдө коронавируска каршы өндүрүлгөн вакциналарды сыртка сатууда көзөмөлдү күчөтүү сунушун киргизүүнү пландап жатат. Буга чейин Брюссель британ-шведдик фармацевтикалык кампаниясы чыгарган AstraZeneca вакцинасын Евробиримдиктин аймагына өз убагында жеткирбей жатканын сынга алган. Чектөөлөр препаратты европадан тышкары алган, эмидемиологиялык абалы жакшыраак өлкөлөргө да киргизилет.

Евробиримдик дүйнөнүн 33 өлкөсүнө 41 млн доза вакцина сатууну колдогон. Анын 10млнун Улуу Британия алат. Ал арада Евробиримдик бул препаратты жетиштүү денгээлде ала-албай келет. Британияда учурда кары адамдардын 44 пайызы эмделсе, ал эми Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандарынын 13 пайыз гана эмделген.

Бүгүн Евробиримдик Еврокомиссиянын AstraZeneca вакциясынасын сыртка чыгарууга тыюуу салуу чечимин кароо үчүн кезектеги жыйынын өткөрөт. Ал арада бир катар басылмалар Италиянын заводдорунда AstraZeneca вакциянасынын 29 млн дозасы табылганын жазууда. Брюссель Италия бийлигинен препарат кандай максатта сакталып турганы тууралуу түшүндүрмө берүүсүн талап кылууда.