Жаңылыктар
Кытайда ажырашкан түгөйлөрдүн саны жыл сайын көбөйүп жатат
Дүйнө
Кытайда ажырашкан түгөйлөрдүн саны жыл сайын көбөйүп жатат

Кытайда ажырашкан түгөйлөрдүн саны жыл сайын көбөйүп жатат. Бул маселе өлкөдө рак илдети менен күрөшүүгө барабар болуп калгандай. Мындан улам адистер ажырашуулар менен "бир үй-бүлө, бир бала" деген мамлекеттик саясаттын негизинде 21-кылымдын аягында калктын саны эки эсеге кыскарып кетиши мүмкүн дешет.

Кытайлык Чжу Шенюндун иши алга жылды. Бирок ага киреше бирөөнүн бактысыз болуусунан түшөт. Тагыраагы ал өлкөдө ашырашкан түгөйлөрдүн мыйзамдуу түрдө маселесин чечип берип иштейт. Шенюн бир жылда 1 миллион юань же 150 мин евро табаарын жар салды. Буга акыркы жылдары Кытайда ажырашкандардын өсүп жатканы себеп болууда. 

Былтыр 8 жарым миллиондон ашуун түгөй ажырашкан бул 2019-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.
Кытайда "бир үй бүлө, бир бала" деген мамлекеттик саясат гендердик дисбаланска алып келди. Учурда өлкөдө эркек балдар кыздарга караганда 30 миллионго көп.

Кытай бийлиги бул көйгөйдү жолго коюу максатында түгөйлөр ажырашууга арыз тапшыргандан кийин 30 күн күтүп туруу тууралуу мыйзам кабыл алган. Ал арада адистердин эсептөөлөрүнө ылайык, Кытайдагы төрөлүүнүн көрсөткүчү төмөндөп жатканына байланыштуу 21-кылымдын аягына чейин калктын саны эки эсеге азайышы мүмкүн.