Премьер-министр Улукбек Марипов жана кыргыз делегациясы Өзбекстандын Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өндүрүш жайлары менен таанышып чыкты.
Технопарк, IT технологиялар шаарчасы, чопо жана асем буюмдары, текстиль менен шириндик өндүргөн бир катар ишканаларга барды. Кыргыз делегациясын коңшу тараптын премьер-министри Абдулла Арипов коштоп жүрдү. Өндүрүш жайларын кыдыруунун максаты - Кыргызстанда бул сыяктуу ишканаларды ачып, өлкө экономикасынын өрүш алуусуна шарт түзүү менен калктын жашоо шартын жакшыртуу. Премьер-министрдин иш сапары Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында жайгашкан Технопарктан башталды. Анда чаң соргуч, газ мештери, кир жуугуч машина, кондиционер, сыяктуу турмушка зарыл болгон техникалар өндүрүлүп, ички керектөөлөр толук камсыздалган.
Төмөндө тизмектелгендердин тетигинен бери технопаркта жасалат. Жалпы аянты 102 гектардан түзгөн өндүрүштө 4 миң 500 киши иштейт. Технопарктын курулушу аяктаса, жумушчулардын саны 12 миңге чейин көбөйөт. Жумушту үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жабдуулар автоматташтырылган тутум менен башкарылат. Бир эле тиричилик техникасынан түшкөн кирешенин жылдык көлөмү 200 млн, ал эми жалпы киреше 700 миллион долларды түзөт. Бул технопарктын толук дараметте иштебеген учурдагы көлөмү.
Өзбекстанда чыгарылган айыл чарба техникасынын түрү: трактор, үрөн себүүчү, түшүм жыйноочу комбайн, автобус, кичи автобус, грейдер, оор жүк ташуучу унаа, таштанды ташуучу унаа, асфальт төшөө үчүн пайдалана турган техника, жеңил унаадан баштап жол тандабаска чейин көргөзмөгө коюлган.
Кыргыз делегациясы курулушу жаңы башталган айти шаарча менен таанышты. Аянты 4, 5 гектарды түзгөн жерде айти адистери үчүн шарт түзүлөт. Мында спорт комплекси, мечит, кызматкерлер үчүн турак жай курулат. Айти кызматтарын чет өлкөгө туруктуу экспорттоо үчүн электр энергиясы менен интернет үзгүлтүксүз камсыздалат.
Өзбекстанда айыл чарбасын санариптештирүү Самарканд шаарында пилоттук негизде иштеп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга шарт түзгөн. Топурактын абалына изилдөө жүргүзүү менен түшүмдүүлүк жогорулаган.
Кыргыз делегациясы момпосуй, тез даярдалуучу тамак-аш, кафель өндүргөн ишканаларга да барды. Ачылганына 4 ай болгон бул жайда алтын саат, шакек сыяктуу зер буюмдун жүздөн ашык түрү чыгат. Бул сыяктуу ишканаларды Кыргызстанда ачуу үчүн мамлекеттин толук дарамети бар. Кыргыз делегациясынын иш сапарынын биринчи күнү Ташкенттеги аянтта жыйынтыкталды.