Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген Кыргыз Республикасынын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдөн соң Ташкент шаарынан кайтып келди.
Өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Протоколго кол коюлган, анын мазмуну тууралуу кеңири маалымат үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Өкмөт үйүндө өтө турган басма сөз жыйынында берилет.