Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 26 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 6, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.