Жаңылыктар
Климаттык шарттын азыктарга, адамдын ден соолугуна тийгизген таасири талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Климаттык шарттын азыктарга, адамдын ден соолугуна тийгизген таасири талкууланды

Дүйнөдөгү климаттык өзгөрүү Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө. Ага карата агрардык өлкөнүн багытын өзгөртүү зарыл. 

Мындан улам республиканын бардык облустарындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин өкүлдөрү эл аралык уюмдар менен биргеликте түрдүү долбоорлордун алкагында климаттык шарттын азыктарга, адамдын ден соолугуна тийгизген таасири боюнча маалымат алмашууда. 

Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы Климаттык каржылоо борбору менен биргеликте атайын семинарларды өткөрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар долбоорлорду сунуштады. Анын алкагында айыл-чарба азыктарын туура өстүрүү, өнөкөт оорусу бар адамдардын дени сак жашоосу үчүн шарт түзүү жана сергек жашоого үндөө тууралуу иш-чараларды өткөрүү каралган.