Жаңылыктар
“Асман өлкө” - Кыргыз Республикасынын жаңы бренди
Туризм
 “Асман өлкө” - Кыргыз Республикасынын жаңы бренди

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бренди тууралуу концепция коомдук ишмерлер жана эксперттер тарабынан иштелип чыкты. Бүгүн ал коомчулуктун талкуусуна коюлду. Жакында өкмөт башчыга сунушталганы турат. 

“Асман өлкө”. Кыргызстандын мамлекеттик бренди мына ушинтип аталат. “Асман өлкө” деп аталышынын себеби, биринчиден Кыргызстан тоолуу өлкө, экинчиден чыгарылган кийимдерден тартып, жер жемиштерге чейин баардык азыктар экологиялык жактан таза дегенди билдирет. Албетте бул менен эле чектелбейт. Мамлекеттик брендде бир гана маданият, спорт же экономика сыяктуу тармактар эмес, бүткүл мамлекеттин образы чагылдырылган.

  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик брендин чыгаруу боюнча өткөн жылы атайын жумуш топ түзүлгөн. Эми гана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык жана коомдук уюмдар, бизнес, туризм, саясий жана коомдук ишмерлер өлкө брендинин концепциясын тааныштырды. Кыргызстан “Асман өлкөсү” деп брендди иштеп чыккандардын башында тургандар чет өлкөлүктөргө Кыргызстан кандай өлкө деген суроого так жооп жок экенин айтат. Албетте ар бир жаран чет мамлекетте Кыргызстандын жаранымын деп жооп берет. Бирок ал кандай өлкө десе ар ким ар кандай жооп бериши мүмкүн. Ошондуктан демилгечилер “Skyland” же “Асман өлкөсүнөн” деп жооп берүү сунушун киргизүүдө.
Чындыгында көпчүлүк мамлекеттердин расмий аталышынан башка экинчи аты бар. Маселен, Куба “боштондук аралы”, Япония “күн чыгыш” өлкөсү, Кытай “асман астындагы өлкө”, ал гана эмес казак башчысынын Казакстанды “улуу талаа” мамлекети деп айталы деп айтканы бар. Демек Кыргызстанда “Асман өлкөсү” деп атоо менен инвесторлорду, студенттерди ал гана эмес туристтерди да тартууга болот.
 Албетте мамлекеттик деңгээлдеги бренд өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө салым кошот. Кыргызстандын мамлекеттик бренди тууралуу концепция жакында өкмөт башчыга сунушталмакчы. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118