Улуттук банк жыл башынан бери төртүнчү жолу интервенция жасап, үч ай ичинде 158 миллион доллар сатты.
Валюта интервенцияларынын жардамы менен доллардын курсунун өсүшүн кармап турууга болот. Январда 45 млн 700 миң доллар, февралда 38 млн доллар саткан болсо, март айында эле 74 млн 300 миң сом доллар сатты.
Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.