Жаңылыктар
Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын ыйгаруу салтанаты өтөт
Маданият
Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын ыйгаруу салтанаты өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “27-март Бүткүл дүйнөлүк театр күнүн” Бишкек жана Ош шаарларында белгилейт. 

Бишкек шаарындагы салтанат 27-март күнү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында башталат. Иш-чарага бардык аймактардан театр жана оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык жамааттары чакырылды. Ал эми, Ош шаарындагы салтанат 29-март күнү С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук кыргыз драма театрында белгиленет. 

Буга чейин “Эл аралык театр күнүнө” арналган иш-чаралар Бишкекте гана өтүп келсе, эми мындан ары аймактарда кезек-кезеги менен өткөрүлөт. Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтөт.

Театр күнүнө арналган иш-чаранын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын ыйгаруу салтанаты өтөт. Аталган сыйлыкты 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана "Айтыш" коомдук фонду биргеликте тапшырып келет. Быйыл бул сыйлык сегизинчи ирет тапшырылат.