Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда товар алмашуунун көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен тар чөйрөдө жолуккан учурда билдирди.
Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду ишке кирсе, соода-экономикалык алакалары дагы кеңеет. Буга чейин эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда жетишилген келишимдер тууралуу сөз болуп, анын алкагында 60ка жакын биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жагы белгиленди.
Эскерте кетсек, бүгүн 26-мартта премьер министр Улукбек Марипов өкмөттөр аралык комиссиянын 9-жыйынына катышат.