Өзбекстанга барган кыргыз делегациясы ал жактагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту. Бишкектен алып барылган музыкалык аспаптар, адабий китептер берилип, жаңы түзүлгөн "Маржан" ансамблине улуттук кийимдер тартууланды.
Бүгүнкү күндө өзбекстанда 300 миңден ашык этникалык кыргыз жашайт. 52 мектепте кыргыз тили өзбек тили аралаш окутулса, 14 мектеп жалаң кыргызча билим берет. Кыргыз балдары улуттук каада салт, үрп-адатты турмушунда колдонуп жүрүү үчүн көркөм адабий китептерге муктаждык бар.