Салык кызматы малдын жана тоңдурулган балыктын ири партиясын мыйзамсыз ташып кирүүсүн аныктады. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн уруксат берүүчү документтерсиз тоңдурулган балыкты, ири жана майда мүйүздүү бодо малды, ташып кирүү фактыларын аныкташты.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына 367 баш ири мүйүздүү малды, 162 майда мүйүздүү малды жана 20 тонна тоңдурулган балыкты мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Импорттоочуларда коштоочу документтер жана товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес. Бузуулардын материалдары мыйзам чегинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдик топко берилди.