Жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо үчүн 2 күн калды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 16-мартында «Консулдук каттоо» автоматташтырылган маалымат тутумунда түзүлгөн жана Тышкы иштер министрлиги берген маалыматтардын негизинде Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөн референдумдун катышуучуларынын тизмеси түзүлдү.
Мурда чет өлкөдө жашаган же чет өлкөдөн келгендер референдумдун катышуучуларынын тизмесине кирүү үчүн 27-мартка чейин шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуулары керек.