Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелери толугу менен чечилди
Чек ара
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелери толугу менен чечилди

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелери толугу менен чечилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Анын айтымында, чек ара маселелери боюнча эки өлкө делегациялары күн мурун Ташкентте жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан кийин такталбаган, буга чейин талаш тартыш жаратып келген бардык аймактар боюнча орток пикир табылды.

Ташиев билдиргендей, бир катар жер тилкелери кыргыз тарапка өттү. Анын ичинде Ала-Бука районундагы Баястан тилкеси, Кара-Суу районундагы Ак-Таш, Үңкүр-Тоонун 35 гектары, Кара-Белес жана Жалал-Абад облусундагы Габасай тилкелери бар. Эми алдыдагы үч ай ичинде тиешелүү мамлекеттик мекемелер чек арадагы чечилген жер тилкелеринин чегин аныктоо менен алектенип, даярдалган документти Жогорку Кеңеш ратификациялашы керек.