Жаңылыктар
Баткенде өрүк гүлүн ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде өрүк гүлүн ачты

Баткен аймагы учурда өзгөчө көркүнө чыгып турган маал. Анткени Баткендин брендине айланган өрүк гүлүн ача баштады. Өрүк бактары дубандын ылдыйкы тилкесинен баштап, жогоруну көздөй кезеги менен гүлдөйт. Бул мезгил болжол менен 20 күндөн, бир айга чейин созулат. Ушул учурду туристтик багытта пайдалануу менен Баткен өрүгүн дүйнөгө даңазалоо мүмкүн дешет жаш активисттер менен багбандар.