Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Бул туралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча регионалдык директорунун катышуусунда өткөн жыйында айтылды. Калкты эмдөө, санитардык талаптардын сакталышы жана Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал жыйындын башкы маселелеринен болду.