Баш мыйзам турмуш-шарттын талабына жараша өзгөрүлүүгө дуушар болуп турат. Толуктоо, өзгөртүү киргизүү менен конституцияны келечекке кызмат кыла ала турган баш мыйзамга алып баруу - ар бир жарандын атуулдук милдети. Бүгүн өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган Бишкек жана Чүй облусунун активдүү тургундары, жаңы Конституцияны тегерек стол форматында талкуулашты.