Жаңылыктар
Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Эмен багына 15 эстелик орнотулат
Маданият
Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Эмен багына 15 эстелик орнотулат

 Жакында Бишкектин Эмен багындагы тарыхый эмгектер жаңы композициялар менен толукталат. Учурда 15 эстеликтен турган чыгармалар даярдалууда. Тарых жана маданият жылын жана Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын утурлай коюла турган эстеликтердин үстүндө айкелчилер тынымсыз иштөөдө. 

Эмен багына орнотула турган тарыхый 15 композициянын бирин даярдоо милдети айкелчи Рахат Токтобаевага  айымга жүктөлгөн. Ал “Улуу акын - Токтогул” аттуу чыгарманын үстүндө эмгектенүүдө.

Композиция жаратып жаткандардын арасында, асман алдындагы музейге эмгеги алгач ирет коюла турган жаш аспиранттар дагы бар. Алгач 3-4 үлгү даярдалып, көркөм кеңеш жактырган эң мыктысы гана көлөмдүү эстеликке айланат.
 Эмен багына жайгаштырыла турган эмгектерди даярдоо иши февраль айында башталган. Улуу ишти айкелчи, Кыргыз Республикасынын Баатыры Тургунбай Садыков өзү жетекчиликке алган.
 “Кыргызстанда тарых жана маданият жылы” симпозиумуна катышып жаткан айкелчилер кыргыз маданиятын түптөп, алгачкы кышын кынап кеткен улуу инсандарды, ага байланышкан тарыхты көркөм көрүнүштөр менен берүүнүн үстүндө иштөөдө.
 Айкелдер жасалып жаткан доломит ташы Ош облусунан алып келинген. Бул ташы миллион жыл мурда пайда болуп, андан жасалган эстеликтер дагы 100 жылдап сакталат,- дейт айкелчилер.
 Ошентип бул айкелдер толугу менен даярдалып бүтсө, ачык асман алдындагы айкелдерди толуктап, өз ордун тапмакчы.