Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кабыл алды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкентте өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Анын берген маалыматы боюнча эки мамлекеттин башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен тактоо жол-жобосунан өттү. Тараптар «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шарихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүүнү макулдашканы белгиленди. 1-апрелден тартып адамдардын, жеңил автоунаалардын жана кичи автобустардын өтүүсү үчүн «Кайтпас», «Өтүкчү» өткөрүү пункттарын ачуу боюнча макулдашышты. Өзбекстан тарап аркылуу «Кара-Суу», «Бек-Абад», «Ынтымак», «Кенсай» жана «Сейдикум» өткөрүү пункттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Президент Садыр Жапаров бул кадам кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринде тарыхый мааниге ээ экенин жана буга чейин орун алып келген айрым чек ара чыр-чатактарына чекит коюла турганын канааттануу менен белгиледи. Бул эки боордош элдердин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту, анын ичинде чек ара аймактарындагы эки мамлекеттин жашоочуларынын ортосундагы мамилени чыңдай турганына ишенимин билдирди. Мамлекет башчысы эки элдин көптөн берки тилеги бүгүнкү күндө реалдуулукка айланып баратканын баса белгиледи. Жапаров бул багытта башка коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын дагы айтты.