Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Дүйнөлүк банк Кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту. Биринчи вице-премьер-министр Дүйнөлүк банкка экономикалык кризистин кесепеттери менен күрөшүү жана коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыразычылык билдирди. Жакын арада биргелешкен долбоорлордун алкагында 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат. Республикалык ооруканада компьютердик томографтарды орнотуу боюнча иштер ыкчамдатылып, ишке киргизилип жаткан «Мектеп медицинасы» долбоорунун алкагында мектептердеги медициналык кабинеттерди жабдуу тууралуу маселе иштелип чыгат. Ошондой эле айыл чарбаны, кичи жана орто бизнести колдоого алуу боюнча долбоорлор талкууланды.