Жаңылыктар
Ош облусунда баңгизаттарын сатуу каналына бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда баңгизаттарын сатуу каналына бөгөт коюлду

Ош облусунда баңгизаттарын сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда баңгизаттарын сатуу фактысы боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүн башчысы, милициянын майору жана дагы бир жаран кармалды. Аталган кызматтын кызматкеринин колдоосу астында кылмыштуу топ Ош шаарында жана Ош облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сатуу менен узак убакыттан бери алектенип келгени аныкталды. Кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоо жайына киргизилишти. Азыркы учурда жогорудагы фактыга тиешеси бар башка жактарды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.