Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн бюджеттик жоготуулар болгондугу аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жогорку кызмат адамдары мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча укук ченемдик актыларды бузуу менен мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө убактылуу пайдаланууга беришкен. Кесепетинен бюджетке тиешелүү төлөмдөрдүн түшүшүнө зыян келтирилген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагындагы жүрүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында бюджетке 100 миллион сомдон ашык суммадагы тиешелүү төлөмдөрдүн чыгымдары аныкталды. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин “Билип туруп пайдасыз келишим түзүү”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө жүрүп жатат. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.