Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 88 адамдан табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 88 адамдан табылды

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 88 адамдан табылды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 55, Чүй облусунда - 24, Нарын облусу - 3, Ысык-Көл облусунда - 5, Жалал-Абад облусунда - 1 киши илдетке кабылды. Ал эми бир сутка ичинде 68 адам коронавирустан айыгып чыкса, 528 бейтап стационарларда дарыланууда. Соңку бир күндө өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 233 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп, алардын 4 миң 196сы айыгып чыкты. Жалпы өлкө боюнча 87 миң 946 адам тумоону жуктуруп, алардын ичинен 84 миң 537 киши сакайып чыкса, 1 миң 494 адам каза болду.